Кубан Чороев - Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести Страница 3
- Категория: Научные и научно-популярные книги / Психология
- Автор: Кубан Чороев
- Год выпуска: неизвестен
- ISBN: нет данных
- Издательство: -
- Страниц: 4
- Добавлено: 2019-07-01 18:26:56
Кубан Чороев - Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести краткое содержание
Прочтите описание перед тем, как прочитать онлайн книгу «Кубан Чороев - Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести» бесплатно полную версию:Колуӊардагы китепте экономист Кубан Чороевдин Кыргызстандагы Улуттук банк башында турган акча системасына жана анын кыргыз элине кылып жаткан кыянаттык саясатына болгон көз караштарын чагылдырган ММКларга жарыяланган макалалары жана интервьюлары жыйнак түрүндө берилген. Ошондой эле Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын эки манифести теӊ жарыяланган. Манифест бүгүнкү күндө жүз миӊдеген жарандын колдоосуна ээ болду. Эми манифестти ишке ашыруу элдин колунда.
Кубан Чороев - Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести читать онлайн бесплатно
Эскерте кетсек, Улуттук валютабыз сомдун курсун кармап туруу максатында Улуттук банк 12-ноябрда 14,2 миллион долларды сатыкка чыгарганы, буга чейин акыркы жолу 6-ноябрда 21,7 миллион доллар интервенцияланганы, бир жума мурда 69 сомдон сатылып жаткан доллардын курсу ушу тапта 73 сомго жакындап калганы, доллардын кымбаттоосу токтобой жатканы ЖМКларга жарыяланган.
«Кабар-Пресс» мамлекеттик маалымат кызматы
Финансылык системабызды стабилдештирүү үчүн «валюталык башкаруу» режимине ѳтүшүбүз керек»
Бишкек, 3-декабрь, 2015 /Дайырбек Мейманов – Кабар/. «Өлкөбүздөгү бүгүнкү валюталык курсубуздун режими Дүйнѳлүк валюта фондунун (МВФ) классификациясы боюнча „башкарылуучу режим“ болуп саналгандыктан, биз эгемендикке ээ болгондон бери эле АКШ долларына көз каранды болуп келе жатабыз. Мындай көз карандылыктан арылуу, экономикалык кризистен чыгып, финансылык системабызды стабилдештирүү үчүн „валюталык башкаруу“ режимине ѳтүшүбүз керек» -деди «Кабар» агенттигине эксперт, экономист Кубан Чороев.
Анын айтымында, «Валюталык башкаруу» режиминде сомдун курсу АКШ долларына бир курс менен мыйзам боюнча бекитилет, экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланат. Бул деген сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон мисалы, Россиянын рублинин жана Казакстандын тенгесинин девальвациясынан, импорттун, экспорттун кѳлѳмүнѳн, инвестициялардан, мигранттардын акча которуусунан эч кандай кѳз карандысыз болуп калат дегенди билдирет. Кандай гана экономикабызда проблемалар болбосун сомдун курсу туруктуу тура берет, анткени сомду каалаган убакта мыйзамда бектилген курс менен долларга, же тескерисинче долларды сомго айландыруу процесси мыйзамга ылайык Улуттук банк тарабынан токтолбостон иштей берет.
«Улуттук банктын „валюталык башкаруу“ режимине ѳтүүгѳ резервдери жетиштүү. Ноябрь айынын бирине карата Улуттук банктын резерви 1 млрд 897 млн АКШ долларын түзѳт, ал эми Кыргызстандагы акча базабыз, тагыраак айтканда экономикабыздагы болгон сомдун массасы 67 млрд сомдун тегерегин түзѳт. Демек, бүгүнкү күндѳгү курс менен сомдун курсун бекитүүгѳ 900 млн доллардын тегерегиндеги резерв жетиштүү болот. Резервдин калган 1 млрд га жакын АКШ долларын экономикабыздын ѳнүгүүсүнѳ жумшаганга толук мүмкүнчүлүк түзүлѳт» -деди ал.
Эксперттин пикиринде «Валюталык башкаруу» системасы ѳлкѳдѳ инфляциянын деңгээлинин кескин төмөндөшүн, экономиканын интенсивдүү өсүшүн шарттайт. Кыргызстандын инфляциясы жылына 1—3% дык денгээлде гана болот, анткени доллардын инфляциясы жылына ушул денгээлден ашпайт. Ошондуктан Кыргызстандын жарандары узак мөөнөттүү келечекте көндүм болгон баанын жогорулашынан арылат. Инфляциялык коркунучту төмөндөтүү, девальвация коркунучун жок кылуу жана кыргыздын сомуна ишенимди бекемдөө акча сактоолордун өсүшүнө көмөк көрсөтөт, ал эми алар өз кезегинде экономикалык өсүштүн ылдам темптерин камсыз кылуу менен ички жана чет өлкөлүк инвестициялардын өсүшүн генерациялайт.
«Бул система 20-кылымдын башында эле пайда болгон жана бүгүнкү күнү мындай жана буга тектеш валюталык режимди дүйнѳнүн 60 мамлекети колдонот, алардын ичинде Гонконг, 2015-жылга чейин Литва колдонгон (кийин еврого ѳттү), Болгария, Дания, Гренландия, Фареры, Бруней, Бахрейн, Сауд Аравиясы, Оман, Катар, Кувейт, Иордания, Бириккен Араб Эмираты, Марокко, Венесуэла, Бутан, Непал жана башка мамлекеттер бар» -деп кошумчалады К. Чороев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда доллардын курсу жыл башынан бери 29 пайызга жакын кымбаттаганы, жыл башында доллардын курсу расмий 58 сом болсо, учурда 75 сомго чыкканы, алтургай 79 сомго чейинки рекорддук көрсөткүчкө жетип асмандап кеткени, бул өз учурунда соода-сатыкта, финансы-кредит саясатында көйгөйлөрдү жаратканы ЖМКларга жарыяланган.
«Кабар-Пресс» мамлекеттик маалымат кызматы
«Валюталык башкаруу» тутумуна ѳтүп калсак, сомдун туруктуулугу камсыздалмак»
Бишкек, 21-декабрь, 2015 /Дайырбек Мейманов- Кабар/. «Жакында болгон орус рубли менен казак теңгесинин девальвациясы кыргыз сомуна дагы таасирин тийгизди. Буга чейин эле биз „валюталык башкаруу“ системасына ѳтүп калсак, улуттук валютабыздын регионалдык жана дүйнөлүк валюталык шокторго туруктуулугу камсыздалмак» -деди экономист, эксперт Кубан Чороев.
Анын айтымында, «Валюталык башкаруу» режиминде АКШ долларына сомдун курсу бир курс менен мыйзам чегинде бекитилет, экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланат. Бул деген сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон мисалы кошуна Россиянын рублинин жана Казакстандын тенгесинин девальвациясынан, мигранттардын акча которуусунан, экспорттун, импорттун кѳлѳмүнѳн, инвестициялардан эч кандай кѳз карандысыз болуп калат дегенди билдирет.
«Валюталык башкаруу» системасына ѳткѳндѳн кийин өлкөнүн улуттук валютасы азыркы нечен жолку болуп жаткандай, дүйнөлүк жана регионалдык валюталык олку-солкулуктардын таасирине дуушар болбойт. Россиялык рублдин жана казак теңгесинин девальвациясы кыргыз сомуна мурдагыдай таасирин тийгизе албай калат. Дүрбөлөңчүл маанайлар, белгисиздик жана Кыргызстандын чабал банктык системасына болгон ишенимдин төмөнкү деңгээли КР Улуттук банкынын сомдун курсун мурдагы деңгээлге кармап турууга болгон аракетинен майнапсыз болуусуна алып келди. Бул болсо биздин валютанын баалуу-лугун сактап калууга болгон Улуттук банктын мүмкүнчүлүктөрүнө күмөн саноолорду пайда кылды» -деди ал.
«Чет ѳлкѳлүк инвестициялар дайыма саясий гана эмес, экономикалык дагы туруктуу ѳлкѳлѳргѳ тартылышат. „Валюталык башкаруу“ системасына ѳткѳндѳн кийин, инвесторлор сом девальвация болбосуна ишенип, капиталдарын коркпостон биздин финансылык институттарга салганга жакшы жагдай түзүлѳт. Бул экономиканы монеталаштыруу коэффициентинин жогорулоосуна алып келет, башкача айтканда, экономиканын акча менен, демек, инвестициялар менен дагы камсыз болуусуна алып келет. Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы насыялар боюнча жогорку үстѳктүк чендердин башкы себеби- биздин экономиканын монеталаштыруусунун тѳмѳнкү деңгээли» -деп кошумчалады К. Чороев.
Белгилей кетсек, жакында болгон орус рубли менен казак теңгесинин девальвациясы кыргыз сомуна дагы таасирин тийгизгени, доллар көтөрүлүп кеткени, бул болсо өлкөнүн саясый жана экономикалык кырдаалына терс таасир тийгизгени ЖМКларга жарыяланган.
«Кабар-Пресс» мамлекеттик маалымат кызматы
«Долларга болгон көз карандылыгыбыздын себеби-туура эмес акча системасын тандап алгандыгыбызда»
Бишкек, 4-январь, 2016 /Дайырбек Мейманов- Кабар/. «Экономикабызда бүгүнкү күндѳ ѳтѳ оор кырдаал жаралды. Ал эми экономиканын тамырын акча системасы түзѳрү белгилүү. Биз ѳзүбүздүн экономикалык кызыкчылыктарга жооп бербеген акча системасын 24 жыл мурун эле тандап алганбыз. Биздин ѳнүкпѳй келе жатканыбыздын негизги себеби – ушул тандап алган туура эмес акча системасы» -деди «Кабар» агенттигине экономист, эксперт Кубан Чороев.
Анын айтымында, Кыргызстандын бүгүнкү валюталык курсунун режими бул «эркин сүзүүчү валюталык режимге» кирбейт, ал Дүйнѳлүк валюта фондунун (МВФ) классификациясы боюнча «башкарылуучу режим» болуп эсептелет.
«Биз бул режимден кетишибиз керек да англисче „currency board“ деп аталган „валюталык башкаруу“ режимине ѳтүшүбүз керек. Мында экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланып, сомдун курсу АКШ долларына бир курс менен мыйзам боюнча бекитилет. Ошондо гана сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон мисалы импорттун, экспорттун кѳлѳмүнѳн, мигранттардын акча которуусунан, инвестициялардан, же болбосо кошуна Россиянын рублинин жана Казакстандын тенгесинин девальвациясынан кѳз карандысыз болуп калат. Экономиканын долларлашуусунун жана АКШ долларына болгон талаптын деңгээлинин төмөндөөсү бир гана „валюталык башкаруу“ системасында ишке ашат. Топтоонун каражаты катары сом бардык мүнөздөмөлөрү боюнча АКШ доллары менен барабар болуп калат, демек, жарандар өздөрүнүн бардык долларлык топтоолорун сомго алмаштырып алышат» -деди ал.
«Бүгүнкү күндө калктын колунда доллар менен канча суммадагы накта акча бар экендиги белгисиз, бирок бул эбегейсиз сумма эки орундуу миллиарддар менен белгиленет болуш керек. Бирок мындай эбегейсиз сумманын өлкөгө сактоонун каражаты катары кереги жок болот, ошондуктан долларлар активдүү түрдө сомго алмашылып, КРнын Улуттук банкынын резервин толуктайт. Так ошондо биздин экономикада канча доллар болгондугу белгилүү болот. Долларлар Кыргызстандын экономикасында тышкы соода операцияларында гана пайдаланылып калат. Ал эми долларга болгон ички сурам жок болуп кетиши керек, анткени бардык ири акча операциялары – товарларды жана кызматтарды жөнөтүү, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуу-сатып алуу боюн¬ча операциялар, мыйзам ченемдүү түрдө сактоонун башкы каражаты болгон валютада, башкача айтканда сом менен жүргүзүлө баштайт. Мына ошондо гана долларга болгон көз карандылыктан арылабыз. Биздин долларга болгон көз карандылыгыбыздын башкы себеби – туура эмес акча системасын тандап алгандыгыбызда» -деди К. Чороев.
Жалоба
Напишите нам, и мы в срочном порядке примем меры.